Өзбекстан парламенти Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда жашаган жери боюнча каттоону чектеген мыйзамды жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун карай баштады.
2011-жылы кабыл алынган бул мыйзам жаңыланган Конституцияга карама-каршы келет жана аны жокко чыгаруу президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгында каралган.
Учурда мыйзам Ташкентте жана Ташкент облусунда 12 гана категориядагы жарандарга туруктуу каттоого туруу укугун берет.
Парламенттин төмөнкү палатасы тараткан маалыматка караганда, жарандарды туруктуу же убактылуу каттоодо бюрократиялык тоскоолдуктар дагы деле байкалып жатат.
Мыйзам долбоорунда каттоону чектеген мыйзамды жоюу жана бүткүл өлкө боюнча бирдей каттоо тартибин киргизүү каралган.