Ссылки доступа

Жол кырсыгына шектелген жаран Польшадан Казакстанга экстрадицияланды


Жол кырсыгына шектелген Грузиянын жараны Польшадан Казакстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу 21-августта Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, былтыр Алматыда мас абалындагы киши рулга отуруп, каршы тилкеге чыгып кетип, башка унаа менен кагышкан. Экинчи унаанын айдоочусу оор жаракат алган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кылмышка шектүү качып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Анын аты-жөнү жана жашы айтылган жок.

Шектүү ушул жылдын апрель айында Польшадан табылган.

«Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен шектүү Казакстанга экстрадицияланып, учурда тергөө изоляторуна киргизилди. Бул кылмыш үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу, мындан тышкары 10 жылга чейин белгилүү кызматтарда иштөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө тыюу салуу каралган», — деп айтылат Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Жыл башында Польша өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук топту уюштурууга шектелген адамды казак тарапка өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG