Ссылки доступа

Наманганда облус башчысынын мурдагы орун басары 7,5 жылга соттолду


Наманган облусунун башчысынын курулуш, коммуникациялар, экология жана жашылдандыруу маселелери боюнча орун басары Саидахмад Султанов 7,5 жылга соттолду.

Иштин материалдарына ылайык, Султанов тендер өткөрбөстөн жана долбоордук-сметалык документтерди толтурбастан эле жол курулушун баштоо боюнча оозеки буйруктарды берген.

Мындан тышкары ал Облустук курулуш башкармалыгында иштеп турганда курулуп бүтө элек эки көп кабаттуу үйдү кабыл алуу тапшырмасын берип, мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Сот Султановду "Өзгөчө ири өлчөмдө каражат кымыруу", "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" жана "Кызмат абалын кыянат пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө зыян алып келүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Өкүм менен ал үч жыл мамлекеттин үлүшү бар мекемелерде иштөө укугунан ажыратылды.

Саидахмад Султанов Наманган облусунун акиминин орун басары кызматына 2020-жылы октябрда дайындалып, 2023-жылы декабрда камакка алынган.

XS
SM
MD
LG