Мекеменин маалыматына караганда, өлкөнүн инфекциялык ооруканаларында кошумча орундар даярдалып, керектүү дары-дармектин запасы толукталууда. Мындан тышкары чек араларда, анын ичинде аэропорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү.
Ошондой эле адистер этиология, эпидемиология жана маймыл чечеги боюнча кошумча окутуулардан өтүп, вирусту лабораториялык жол менен аныктоо үчүн диагностикум-тесттердин запасы түзүлүүдө.
Өлкөдө вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор үчүн 21 күндүк медициналык байкоо каралган.
2022-жылы май айынан тартып дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө маймыл чечегин жуктурган учурлар жапырт аныктала баштаган. Ошол жылдын июль айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаал жарыялаган.
ДССУ илдет кайра жайыла баштагандан улам 2024-жылдын 15-августунда экинчи ирет дүйнөлүк мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады.
Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 15 ми миңдей адамда катталып, 500дөн ашык киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасы, Кения, Руанда жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.
16-августта алгачкы жолу Африкадан тыш аймакта Швеция менен Пакистанда катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти.
Дарыгерлердин айтымында, ооруу теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат.
Буга чейин маймыл чечегине байланыштуу Кыргызстан менен Казакстанда да алдын алуу чаралары көрүлүп жатканы кабарланган.