Бирок анализдер көрсөткөндөй, Олимпиада медалдары өзбекстандык салык төлөөчүлөр үчүн өтө кымбатка турду: бир медаль үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 миллион 140 миң долларга жакын каражат сарпталды.
Gazeta.uz эсептеп чыккандай, Өзбекстандын өкмөтү 2022-жылкы Олимпиаданы өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 135 миллиард сум, 2023-жылы 216 миллиард сум, 2024-жылы 250 миллиард сум бөлгөн. Демек, үч жылдын ичинде мамлекеттик бюджеттен Олимпиадага даярдык көрүү үчүн 600 миллиард сумдан ашык каражат бөлүнгөн. Бул дээрлик 50 млн долларга тете. Ошол эле маалда бул суммага жеңүүчүлөргө берилген сыйлыктардын наркы кошулган жок.
Өзбекстан Олимпиаданын байге ээлерин марттык менен сыйлаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Президенттин жарлыгына ылайык, спортчуларга алтын медаль үчүн 200 миң доллар, күмүш медаль үчүн 100 миң доллар, коло медаль үчүн 50 миң доллар мамлекеттик бюджеттен берилет. Спортчулардын машыктыруучулары 50, 25 жана 12,5 миң доллардан алышат.
Парижде өткөн жайкы Олимпиадада Өзбекстан курамасынын спортчулары бокс, дзюдо, эркин күрөш, таэквондо жана оор атлетика боюнча 13 медаль (8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло) жеңип алышты. Жалпысынан Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мамлекеттик бюджеттен 1,95 миллион доллар (алтын – 1,6 миллион, күмүш – 200 миң, коло – 150 миң) бөлүнгөн.
Акчалай сыйлыктардан тышкары быйыл Өзбекстан өкмөтү Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө автоунааларды да тапшырды: алтын медалдын ээлери Tahoe үлгүсүндөгү автоунаага ээ болушту (1,04 миллиард сум же 82,33 миң доллар); күмүш медалдын ээлери - BYD Song Plus EV Champion Flagship автоунаасын (395,3 миллион сум же 31,3 миң доллар), коло медалдын ээлери - BYD Song Plus DM-i Champion автоунаасын (387,2 миллион сум же 30,67 миң доллар) алышты. 13 унаанын баасы болжол менен 10,27 миллиард сум же 813,3 миң долларды түздү.
Ошондой эле Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө эки кабаттуу коттедждер жана батирлер берилди. Алардын жалпы баасы канча экени белгисиз.
Gazeta.uz эсебине ылайык, ачык маалыматтар боюнча бир медалдын наркы Өзбекстандын бюджети үчүн орточо эсеп менен 3,89 миллион доллар, акчалай сыйлыктарды жана автоунааларды эсепке алганда 4,14 миллион доллар турду.
Gazeta.uz макаласында Олимпиадага даярданууда коңшу өлкөлөрдүн чыгымдары салыштырылган. Маселен, Парижден 7 медаль (1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло) менен кайткан Казакстандын курама командасын Олимпиадага даярдоого болжол менен 980 миллион теңге (25,77 миллиард сум) жумшаган. Бул Өзбекстанга салыштырмалуу 23,3 эсеге аз.
Бирок акчалай сыйлыктын көлөмү боюнча Казакстан коңшу Өзбекстандан бир аз алдыга озуп кетти: алтын медалдын ээси 250 миң доллар, күмүш 150 миң доллар, коло 75 миң доллар менен сыйланды.
Анализге ылайык, Өзбекстан, АКШ, Германия жана Франция сыяктуу G7 өлкөлөрүнө караганда Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды көбүрөөк берет. Улуу Британияда, Жаңы Зеландияда, Норвегияда жана Швецияда Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилбейт.