Ссылки доступа

Өзбекстан менен Ооганстан $2,5 млрд долларлык келишимге кол коюшту


Өзбекстан менен Ооганстандын ортосунда жалпы суммасы 2,5 миллиард долларды түзгөн макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу  Ооганстандын экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министринин кеңсеси билдирди.

17-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөттүк делегациянын коштоосунда Кабулдагы бизнес-форумга жана Made in Uzbekistan көргөзмөсүнүн ачылышына катышуу үчүн Ооганстанга барды.

Макулдашууга кол коюу аземи 17-августта Ооганстандын экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, молдо Абдул Гани Барадар Ахунд менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилиги астында өттү.

Макулдашуулар 1,4 миллиард долларлык 12 инвестициялык келишимди жана 1,1 миллиард долларлык 23 соода келишимди камтыйт. Бул Талибан менен Өзбекстандын экономикалык алакасын бекемдөөгө, соода көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатууга багытталган.

XS
SM
MD
LG