Ссылки доступа

Орусиядан Өзбекстанга 8 бала кайтарылды


Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тобу 14-августта Новосибирсктен Өзбекстанга жеткирилди.

«Дуньё» маалымат агенттиги билдиргендей, Өзбекстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жардамы менен Орусиянын Новосибирск, Иркутск, Красноярск жана Владивосток шаарларында кароосуз калган 14 жашка чейинки 8 бала чогултулду.

«Орус тарап керектүү документтерди өз убагында камсыз кылуусу үчүн консулдук бардык күч-аракетин жумшады», - деп билдирди консулдук. Сегиз бала тең Өзбекстанга аман-эсен жетирилген.

Ведомство эмне үчүн балдар ата-энесинин камкордугусуз калганын тактаган жок.

Өткөн айда Өзбекстандын үй-бүлө жана аялдар боюнча комитетинин басма сөз кызматы Орусияда ата-энесинин көзөмөлүсүз калган жети бала мекенине кайтарылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG