Өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстанга “улуттук маданиятка туура келбеген кийимдерди алып келүүгө, жайылтууга жана сатууга” тыюу салынат.
Мурда бул мыйзамдын нормаларын сактабагандарга административдик жоопкерчилик гана каралса, эми ири өлчөмдөгү айып пул жана үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Тышкы иштер министринин орун басары Фаррух Шарифзода 13-августта Душанбеде чет элдик дипломаттардын жана эл аралык маалымат каражаттарынын катышуусунда өткөн жыйында мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуунун максаты улуттук баалуулуктарды коргоо жана экстремизмдин алдын алуу экенин билдирди.
«Тилекке каршы, өлкөбүздүн өнүгүүсүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жактырбаган айрым мамлекеттердеги деструктивдүү топтор туура эмес ой-пикирлерге, жада калса ар кыл чакырыктарга жол берип жатышат», - деп белгиледи ал.
Ал кабыл алынган түзөтүүлөрдү «конструктивдүү» деп атады, анын айтымында, алар «негизинен салттуу руханий жана адеп-ахлак баалуулуктарын сактоого багытталган». «Бул топтор Тажикстанда сатр, хижаб кийүүгө тыюу салынган жана ажылыкка чектөөлөр киргизилген деп, кабыл алынган түзөтүүлөрдү бир жактуу жана негизсиз чечмелеп жатышат. Ушуга байланыштуу бул чечмелөөлөрдүн эч кандай негизи жок экенин толук жоопкерчилик менен билдирем», — деди чиновник.
Буга чейин Мусулман аалымдар лигасы, Мусулмандардын жарандык укуктарды коргоо тобу жана АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы жогоруда аталган түзөтүүлөрдү айыпташкан. Ал эми Ооганстандагы талибдерге жакын айрым экстремисттик диниятчылар Тажикстанга каршы “жихад” жарыялашкан.
Тажикстандын Уламалар кеңешинин башчысы Саидмукаррам Абдукодирзода 13-августта бул түзөтүүлөр дин тутуу эркиндигин чектөөгө эмес, экстремизмге бөгөт коюуга багытталганын билдирди: "Айрым дипломатиялык корпустун өкүлдөрү өз өлкөлөрүндө шариятка ылайык, улуттук кийимдер сакталарын жакшы билишет. Ислам мусулман аялдардын баш кийиминин – сатрдын фасонун, түсүн же стилин аныктабайт".
Тажикстанда жабык диний кийимчен аялдарга жана сакалчан эркектерге каршы рейддер жүргүзүлүп, алардын сакалдарын алган учурлар болгон.
Буга чейин хижаб жана диний кийимдерге байланышкан маселелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да талкууланып келген.
Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.