Анын айтымында, кеп "аэропортту басып алуу" иши боюнча айыпталгандардын кызыкчылыгын коргогон беш адвокат жөнүндө болууда.
2023-жылы күзүндө "аэропортту басып алуу" иши каралып жатканда судья адвокаттарды сот отурумун ачык үзгүлтүккө учуратууга айыптап, аларды адвокаттык лицензиясынан ажыратуу жөнүндө токтом кабыл алган.
Былтыр июль айында сот бул иш боюнча айыпталган Айгерим Тилеужанованы 4 жылга, Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовдун ар бирин 8 жылдан эрктеринен ажыраткан. Сотто алардын баары тагылган айыптарды четке кагышкан. Быйыл июль айында Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Анда Тилеужанованын адвокаты чечим боюнча эл аралык уюмдарга, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыла турганын билдирген.