78 жаштагы Шарифзода 13-августта "Озоди" радиосуна берген кыска маегинде кызматтан курагына байланыштуу кетип, "ордун башкага өткөрүп бергенин" айтты.
Тажикстанда 4 миңден ашык каттоодон өткөн мечит бар. Алардын имам-хатибдерин мечиттин түзүүчүлөрү менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тандап, бекитүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик органга жөнөтүшөт.
Молдо Хайдар Шарифзода 90-жылдардагы окуяларга активдүү катышып, азыркы тажик өкмөтүнүн тарапташтарынын бири болгон.