Ссылки доступа

Казакстандын өнөр жай министри утилизациялык жыйымды жоюу маселесин "жабууну" сунуштады


Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри Канат Шарлапаев утилизациялык жыйым маселесин жабууга чакырды. Ал бул маселе буга чейин бир канча жолу каралып, ага чекит коюлганын белгиледи.

Министрдин айтымында, петициянын демилгечилери келтирген аргументтер мыйзамдын негизинде четке кагылды.

"Мамлекеттик органдар бул маселе боюнча жумушчу топтордун алкагында жамааттык чечим кабыл алышты. Мындай кете турган болсок анда мамлекеттик органдар кабыл алган бардык чечимдерди кайра карай беришибиз мүмкүн. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Анткени мыйзам, мыйзамдын диктатурасы бар. Петиция мыйзамдын алкагында каралып, чечим чыкты. Ошондуктан мен жамааттык органдар кабыл алган чечим боюнча комментарий бере албайм. Бул маселени жабууну сунуштайм. Мындан ары ал боюнча эч кандай комментарий бербейбиз", – деди Шарлапаев.

20-июлда Казакстандын Өнөр жай министрлиги авторлордун жүйөлөрүн негизсиз деп таап, утилизациялык жыйымды жокко чыгарууну талап кылган петицияны четке каккан. Санжар Бокаев баштаган онлайн-петициянын авторлору утилизациялык жыйым атаандаштыкты жок кылып, автоунаа, айыл чарба жана атайын техникалардын бааларынын кескин жогорулашына, ошондой эле автопарктын эскиришине алып келгенин айтышкан.

Активисттер өкмөткө петицияны май айында жөнөтүшкөн. Анда жеңил автоунаалар үчүн утилизациялык жыйымды 100 миң теңгеге чейин төмөндөтүү жана автотранспорттун башка түрлөрү, анын ичинде айыл чарба техникалары үчүн аны толугу менен жоюу сунушу жазылган.

Бүгүнкү күндө чет өлкөдөн автоунаа сатып алган казакстандыктар мамлекетке 276 900 теңгеден бир нече миллион теңгеге чейин утилизациялык жыйым төлөшөт.

XS
SM
MD
LG