11-августта "Авторитет" YouTube каналы Абдувалиевдин көз жумганы тууралуу видео тараткан.
Салим Абдувалиевдин өлүмү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов билдирди.
11-августта "Авторитет" YouTube каналы Абдувалиевдин өлүмү тууралуу видео тараткан. Маалыматты укук коргоочу Абдурахман Ташанов Фейсбук баракчасында бөлүшүп, бул жалган чыгар деген үмүтүн билдирген.
Ташкенттин Мирабад райондук соту “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Салим Абдувалиевди быйыл 19-мартта алты жылга абакка кескен.
Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми “Аткезчилик” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Былтыр 2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейд өткөргөн. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Анын алкагында “Бахти Ташкентский” деген каймана ат менен белгилүү болгон Бахтияр Кудратуллаев, “Саидазиз медгородок” деген каймана ысымы бар Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.
Августтун башында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге Интерполдун линиясы менен издөө жарыялап, Октябрь райондук соту аны сыртынан камакка алууга чечим чыгарган.