Ссылки доступа

Казакстанда камактагы журналист кайрадан ачкачылык акциясын баштады


Жети жылга эркинен ажыратылган журналист Думан Мухаммедкарим кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жактоочусу Галым Нурпеисов билдирди:

— 11-август күнү кечинде саат 6да [ачкачылык акциясын] баштады. Эми ага телефон чалууга болбойт. Баарына уруксат берилген, бир гана Думан телефон чала албайт. Ошондуктан ал же телефон берүүнү, же Алматыга которууну талап кылууда. Думанды Семейге да Павлодарга да которушу мүмкүн. Өкүм күчүнө киргенде дароо алып кетүүгө аракет кылышат”, - деди Галым Нурпейисов “Азаттыктын” казак кызматына.

Адвокат Думан Мухаммадкаримге чыккан өкүмгө каршы доо арыз жазуу башталганын белгиледи.

2-августта сот Думан Мухаммедкаримди жети жылга эркинен ажыраткан.

Эркин журналист жана активист Думан Мухаммедкарим Конаев шаарындагы ооруканага жаткырылганы 18-июлда белгилүү болгон. Адвокаты Галым Нурпеисов журналист ачкачылык кармап келаткандыктан ден соолугу начарлап кеткенин, доктурлар дарылоо он күндөй созуларын айтышканын кабарлаган. Жактоочунун айтымында, абакта отургандан бери активисттин салмагы 95 килограммдан 35ке түштү.

ND Youtube каналынын автору Мухаммедкарим күч органдарынын ага коюлган айыптарын саясий куугунтук деп атап келет. Укугу тебеленип жатканын айтып, нааразылыгын билдирип ал буга чейин да бир нече жолу ачкачылык жарыялган.

46 жаштагы журналист камакка былтыр алынган, ага кылмыш иши козголушуна мурдагы банкир, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов менен маеги негиз болгон. Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы Казакстанда “экстремисттик” деп жарыяланган. Европа парламенти аны “тынч оппозиция” деп атаган.

Соттук териштирүү быйыл 12-февралда башталган. Журналист тергөө абагында ырайымсыз мамилеге кабылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG