"Озоди" радиосунун булактары апрель айынын башында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери борбор калаадагы майрамдык иш-чаралар учурунда терактка даярданган деген шек менен 20дай кишини кармашканын кабарлаган.
Ушундай эле маалыматты "Азия-Плюс" медиа тобу жана Reuters маалымат агенттиги жазган. Бирок Тажикстандын атайын кызматы муну “текшерилбеген жана чагымчыл” маалымат деп атаган.
Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон 9-августтагы маалымат жыйынында кармалгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү экенин айтып, бирок алар тууралуу кеңири маалымат берген жок.
Тажикстандын коопсуздук тармагындагы атын атагысы келбеген булак апрель айында "Озоди" радиосуна билдиргендей, кармалгандардын арасында Вахдат, Рогун жана Нурек шаарларынын тургундары болгон.
Башкы прокуратура "алар бир топ адамдарды ууландырууну көздөшкөн" деп билдирди.
Тажикстанда укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн кармалышы жана террордук актылардын алдын алуу боюнча алты ай сайын отчет берет, бирок бул фактылар боюнча кенен маалымат айтылбайт.