Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлап, учурда мыйзам менен тыюу салынганына карабастан браконьерлик, көлдү булгоо уланып жатканын белгиледи.
"Адистер белгилегендей, Ысык-Көлгө эс алуучулар калтырган таштандылар олуттуу терс таасирин тийгизип жатат. Мындан улам бардык жарандарды, эс алуучуларды көлгө аяр мамиле жасоого чакырыбыз",- деп жазылган маалыматта.
Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көл булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоо тапшырмасын берген.
Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.
"Ысык-Көл" биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.