Мындан тышкары сот экс-министрге 10 жыл белгилүү бир кызматтарда иштөөгө тыюу салып, президентке аны атайын наамдары менен мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу сунушун жөнөттү.
Соттун маалыматына караганда, прокурор Тургумбаевди беш жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Бирок судья анын “күнөөнү толугу менен мойнуна алып, кылганына өкүнүчүн билдиргенин” эске алып, шарттуу мөөнөт чегерди.
Казакстандын ички иштер министри кызматынан 2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин алынган Ерлан Тургумбаев ошол эле жылы апрелде “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип кармалган.
Анда өлкөнүн Башкы прокуратурасы кылмыш ишинде “мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар бар экенин” белгилеп, тергөөнүн башка маалыматтары ачыкка чыгарылбай турганын билдирген.