Мирзиёев Навоинин айкелин тургузуу демилгеси үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди.
"Казакстан баш калаасынын борборунда чоң эстеликтин тургузулганы – казак элинин Өзбекстанга болгон терең сыйын көрсөтүп турат. Улуу философ жана гуманист Алишер Навоинин чыгармачыл мурасы – өзбек элине гана эмес, дүйнө жүзүнө таандык болгон уникалдуу байлык", – деди Мирзиёев.
2020-жылы казак акыны Несипбек Айтулы Навоинин негизги эмгеги деп эсептелген «Хамсу» чыгармасын казак тилине которуп, басып чыгарган. Анын баш сөзүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жеке өзү жазып берген.
Мирзиёев Астанага иш сапары менен 7-августта барган.
Сапардын алкагында өзбек президенти Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин алтынчы Консультациялык жолугушуусуна жана "Борбор Азия + Жапония" форматындагы диалогго катышат деп күтүлүүдө.