Ссылки доступа

Эмомали Рахмон иш сапары менен Астанага барды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-августта иш сапары менен Казакстандын баш калаасы Астана шаарына барды.

Тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө лидерин Астанага бир катар министрликтер менен мекеме-ишканалардын жетекчилери коштоп батышты.

9-августта Астана шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин алтынча Консультациялык жолугушуусу жана "Борбор Азия + Жапония" форматындагы алгачкы саммит өтөт.

Аймактагы лидерлердин бешинчи Консультациялык жолугушуусу былтыр Душанбеде өткөн.

XS
SM
MD
LG