Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Казакстанга барды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-августта мамлекеттик сапары менен Казакстанга барды.

Астанадагы эл аралык аэропортто Мирзиёевди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

8-августта Казакстанда бир катар иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык жогорку кеңешинин алгачкы жыйыны өтөт.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, лидерлердин жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүп, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, энергетикалык, агрардык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары Мирзиёев Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультациялык жолугушуусуна жана "Борбор Азия + Жапония" форматындагы диалогго катышат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин алтынчы Консультациялык жолугушуусу Астана шаарында 9-августта өтөрү кабарланган.

XS
SM
MD
LG