Бул тууралуу санарип өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева 7-августтагы маалымат жыйынында билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын жети айында 727 миң электрондук санарип кол тамга берилди, 1 миллиондон ашуун кол тамга жок кылынды.
2020-жылкы үлгүдөгү ички жана жалпы жарандык паспорттор бланктары калбай калганча берилет. Андан кийин гана 2024-жылкы үлгүдөгү ички жана 2023-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт.
Сары түстүү ички паспортторду акысыз алмаштыруу 31-августта аягына чыгат. Андан кийин адаттагыдай эле өз баасына - 600 сомдон алмаштырылат.
Кыргызстандын жарандарына "Учкун" мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор 1-июндан тарта бериле баштаган.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.
Кыргызстанда жасалма паспортторго байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.
Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле. 2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.