Ссылки доступа

Орусия жарым жылда 17 миң тажикстандыкты депортациялады


Быйылкы жылдын алты айында Орусиядан Тажикстанга 17 миң киши депортацияланды.  Бул тууралуу Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Гүлнора Хасанзода 6-августта өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Эмгек министри алты айдын ичинде Тажикстандын 380 миңден ашуун жараны Орусияга эмгек миграциясына кеткенин, ал эми ошол эле мезгилде Орусиядан өлкөгө 324 миңден бир аз ашык адам келгенин билдирди.

Ал белгилегендей, отчеттук алты айда эмгек миграциясынын агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га азайган, ал эми эмгек мигранттарынын өлкөгө кайтып келүүсү 3%га өскөн.

Ал арада Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзода 24-июлдагы маалымат жыйынында 2024-жылдын алты айында эле Орусиядан Тажикстанга 3400 жаран учак аркылуу депортацияланганын билдирген.

Демек, жарандардын көбү – 13 миңден ашыгы кургактагы чек аралар аркылуу депортацияланган же тажик бийлигинин расмий статистикасы реалдуу абалды чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG