Ссылки доступа

Алматыда жол кире 20 пайызга кымбаттады


3-августтан тарта Казакстандын эң ири шаары Алматыда коомдук транспортто жол кире 20 пайызга кымбаттады. Эми бир жолку сапардын баасы 120 теңге (0,25 доллар) болот, буга чейин тариф 100 теңге (0,21 доллар) болчу.

Коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн накталай төлөм жокко чыгарылды. Акимчилик автобус жана троллейбустун айдоочулары акча алуу жана билеттерди берүү учурунда алаксып калып жатканын белгиледи.

Бир айлык тариф 9900 теңге же 20 доллар болот (мурдагы баасы 7200 теңге). Студенттик картанын баасы 4200 теңге же дээрлик 9 доллар (мурунку баасы 3000 теңге), окуучуларга 2000 теңге же 4 доллар (мурдагы баасы 1000 теңге), пенсионерлерге 3000 теңге же 6 доллар (мурунку баасы 2000 теңге) болот.

Шаар бийлиги жол кире чыгымды актабай, жабдыктарды оңдоодо жана тетиктерди сатып алууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтууда.

Алматыда акыркы сапар былтыр августта жол кире акысы көтөрүлгөн.

Акимчиликтин маалыматы боюнча, шаарда 22 жеке жана бир коммуналдык автопарк бар. Линияга суткасына 2468 автобус жана троллейбус чыгарылат. Алар бир жарым миллиондон ашуун адамды тейлешет.

XS
SM
MD
LG