1-августта Астанада "Биз Казакстандын аймагында ЛГБТнын ачык жана тымызын пропагандасына каршыбыз!" аттуу петиция боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Жолугушуу министрликтин Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.
"Конституцияга ылайык, мыйзам жана сот алдында бардык жарандар бирдей. Эч ким жыныстык же башка жагдайлар боюнча басмырлоого кабылбашы керек. Буга байланыштуу биз кайрылууну жарым-жартылай колдойбуз. Ошол эле учурда балдар жана өспүрүмдөрдү сексуалдык мамилелерди үгүттөөдөн, аларды культка айландыруудан коргоо тууралуу талапты колдоо чечими кабыл алынды", - деди министрликтин Жаштар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин төрагасы Кайрат Камбаров.
Андан мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Казакстан өкмөтүн петицияны четке кагууга чакырган.
БУУнун беш экспертинен турган топ петиция сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүктүн негизинде өз оюн эркин билдирүү, тынч чогулуштар катышуу жана уюмдарга биригүү укугун буза турган мыйзамдарды кабыл алууга түртөт деп эсептейт.
"Бул петицияны өкмөт башынан эле карабашы керек болчу жана токтоосуз четке кагылышы керек", — деп айтылат эксперттердин 31-июлда тараткан билдирүүсүндө.
БУУнун эксперттери ЛГБТ тууралуу ачык айтууга тыюу салган петициянын негизинде мыйзамдарды кабыл алуу адам укуктарын, анын ичинде сөз эркиндигин жана мыйзам алдындагы теңдикти бузат деп эсептешет.
Билдирүүнүн авторлору Казакстандын демилгеси гей-пропагандага тыюу салган орус мыйзамдарына окшош экенине көңүл бурушкан.
"Казакстандын ата-энелер союзу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Багила Балтабаеванын демилгеси менен уюштурулган ЦБиз Казакстанда ачык жана тымызын ЛГБТ пропагандасына каршыбыз!Ц аттуу петиция июнь айында 50 миң кол топтогон. – Бул кайрылууну расмий түрдө кароого жетиштүү кол болуп эсептелет.