Рахмон менен Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын жолугушуусунда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы талкууланып, акыркы бир нече жылдын ичинде өз ара товар алмашуу көлөмү 5 эсеге көбөйгөнү белгиленди. Мындан тышкары тараптар ортодогу туристтик визанын жоюлушу соода жүгүртүүнү жана кызматташтыкты бекемдейт деген ишенимдерин билдиришти.
Андан соң Эмомали Рахмон Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи менен жолугуп, өз ара кызматташтыктан тышкары эл аралык жана аймактык маанидеги маселелерди талкуулады.
Тажик президенти ошондой эле Ирандын Ислам кеңешинин ассамблея төрагасы Мохаммад Бакир Калибоф менен да жолукту.
Эмомали Рахмон Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын иннаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга иш сапары менен 30-июлда барган.
Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер 2021-жылга карата эң төмөнкү чекке жетип, ошондон бери кыйла жакшыра баштаган.