Ссылки доступа

Январь окуясында каза болгон жарандын аялы мамлекет менен соттошуп, утулуп калды


2022-жылы Январь окуясында Казакстанда атып өлтүрүлгөн Руслан Куаттын жубайы Айгүл Ахметжанова мамлекетти сотко берип, маркум күйөөсүнүн эки жылдык маянасына тете кун жана сөөк коюуга кеткен чыгымды төлөп берүүнү талап кылган. Бирок сот анын арызын канааттандырган жок.

Айгүл Ахметжанова Январь окуясынан кийин жесир калган. Төрт баласын бакканга акча таппай кыйналып жүрөт. Үй-бүлө 2017-жылы гана бүтүргөн үйдү курууга болгон күчүн жана акчасын жумшаган.

Руслан Куат 2022-жылы Январь окуясында Алматыда атып өлтүрүлгөн. Ал Алматы аэропортунун жүк бөлүмүндө иштеген.

Өлөрүнө бир күн калганда аялынын төртүнчү баласына кош бойлуу экенин билген.

Русландын өлүмү боюнча иш козголуп, бирок көп өтпөй жабылып калган.

Тергөөдө Русландын кылмышка тиешеси жок экени аныкталып, кылмыш жок деген чечим чыгарылган.

"Казакстан элине" фонду маркум Русландын үй-бүлөсүнө 15 миллион теңге (31 миң доллардан ашык) өлчөмүндө бир жолку жардам которгон.

Айгүл карызын төлөп, кредиттерин жаап, күйөөсүнүн акыркы эки жылдагы айлыгын – 19 миң доллар жана сөөк коюуга кеткен чыгымын төлөп берүүнү талап кылып сотко кайрылган. Айгүл декреттик өргүүдө, балдарына жөлөк пул алат.

Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылдын январь окуясында президент Касым-Жомарт Токаев өлкөгө "миңдеген террористтер" кол салганын жарыялап, коопсуздук күчтөрүнө эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенде 238 адам набыт болгон. Алардын жарымынан көбү Алматыда каза болгон. Бийлик өлкөгө кандайдыр бир чет элдик террордук топ кол салганын далилдер менен тастыктаган эмес.

Январь айында адамдарга ок аткандардын көбү аныктала элек жана өлүм фактысы боюнча козголгон иштердин көбү жабылган. Кийинчерээк бир нече аскер кызматкерлерине "адам өлтүрүү" беренеси менен эмес, "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG