Ссылки доступа

Өзбекстанда 50 кишини чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалаган шылуун кармалды


Самарканд облусунун Акдарыя районунда жарандарды чет өлкөгө жумушка мыйзамсыз жөнөтүүнү убадалаган жергиликтүү турун кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тургун 1,2 миллион сум (100 АКШ доллары) жана 700 доллар алып жатканда кармалган. Ал 4,5 миң долларга эки жаранды Улуу Британияга жумушка жөнөтүүнү убадалаган.

Тергөөгө чейинки тактоо иштеринин жүрүшүндө кармалган адам буга чейин 47 жаранды чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деп алдап, алардан 37,1 миң доллар алганы аныкталган.

Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG