Мекеменин маалыматына караганда, 26 жаштагы өзбекстандык Бродно паркында болгон окуяга байланыштуу Варшава полициясына жабырлануучу катары арыз жазган.
"Польшанын укук коргоо органдарынын ыкчам-иликтөө иштеринин, ошондой эле Козимжановдун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактан чыкты", – деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн тергөө иштерине байланышкан мындан аркы аракеттер Польшадагы элчиликтин жана активдүү мекендештердин көзөмөлүндө болорун кошумчалашты.
Буга чейин жергиликтүү Wyborcza басылмасы 22-июлда өзбек жараны Бродно паркында украиналык өспүрүмдөргө бычак менен кол салып, бирөө жаракат алганын кабарлаган.
Өзбекстандын Польшадагы элчилиги жарыялаган видеодо сүйлөгөн Машхурбек Козимжанов ага бир нече украиналык кол салганын, алардан коргонуп жатып бирине оор жаракат келтиргенин, бул окуядан кийин ага каршы кылмыш иши козголгонун айтып, жардам бергени үчүн өзбек дипломаттарына ыраазычылык билдирген.