Ссылки доступа

Казакстанда "орустар жөнүндө" ырдаган активист 10 суткага камалды


Мария Кочнева
Мария Кочнева

Алматынын административдик иштер боюнча райондор аралык соту активист Мария Кочневаны 10 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Буга чейин ал музыкалык фестивалда "Йоу, орыстар" деген ырды аткарганы үчүн полицияга чакырылган.

Кочнева соттун чечими менен макул эмес экенин, ал боюнча жогорку баскычка апелляциялык арыз жазарын билдирди.

"Бул орус жарандарына биздин өлкөдө мыйзам иштей турганын көрсөтүү үчүн жасалды. Мыйзамсыз чечим болду. Эгер жазалай турган болсоңор, анда [рэп-фристайлга] катышкандардын баарын жазалашыңар керек. Чечим чыгарууда сот менин өкүнүчүмдү билдиргенимди эске алган жок", – деди активист.

Өткөн жумада Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы Мария Кочневага карата "майда бейбаштык фактысы боюнча" текшерүү башталганын билдирген.

"Социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда коомдук жайда адепсиз сөздөр айтылган майда бейбаштык фактысы аныкталды. Азыр ал боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Тартип бузган жаранга карата мыйзамда каралган чаралар көрүлөт", – деп жазылган полициянын билдирүүсүндө.

Мария Кочнева анын рэп-фристайлга катышкан видеосу соцтүйүндөргө жарыялангандан кийин полицияга чакырылган. Музыкалык фестивалда ал текстинде адепсиз сөздөр бар ырды аткарган.

Активист видео жарыялангандан кийин ага кемсинткен жана коркуткан билдирүүлөр келе баштаганын айткан. "Сепаратисттик telegram-каналдардын администраторлоруна карата полицияга арыз жаздым. Алар мен жөнүндө кемсинтүүчү мүнөздөгү туура эмес маалыматтарды таратышкан", – деген активист.

Мария Кочнева — жарандык активист жана Qushtar аттуу аялдардын укуктарын коргоо кыймылынын мүчөсү.

XS
SM
MD
LG