"18-июль күнү кечинде Алмазар райондук ички иштер башкармалыгына батирлердин бириндеги ызы-чуу жөнүндө кабар түшкөн. Ал жерге барган ыкчам-иликтөө тобу батирдин балконунан профессордун бычакталган сөөгүн табышкан", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Бул окуяга байланыштуу Алмазар райондук прокуратурасы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү кармалганы кабарланды.
Социология илимдеринин доктору Абдулахат Каххаров кезинде Өзбекстан ИИМинин академиясында окутуучу болуп иштеген. Ал түрк жана уйгур тарыхынын белгисиз жактарын изилдеп, 2017-жылы "Байыркы Чыгыш Түркстандагы Жибек жолунун сырлары" аттуу китебин чыгарган.