Ссылки доступа

Казакстанда президент Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартты


 Карим Масимов
Карим Масимов

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы башчысы Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартуу тууралуу тиешелүү комиссиянын чечимин бекитти. Бул тууралуу Informburo сайты президенттин администрациясына шилтеме кылып кабарлады.

Мамлекеттик чыккынчылыкка жана Январь окуялары маалында бийликти басып алууга айыпталып 18 жылга кесилген Карим Масимов ырайым берүү өтүнүчү менен президентке кайрылганы быйыл 10-июнда белгилүү болгон.

Анда УКК Масимовго карата "Ири көлөмдөгү пара алуу" беренеси менен козголгон иш боюнча сотко чейинки териштирүү уланып жатканын билдирген.

Июнь айынын соңунда Казакстандын президентинин алдындагы ырайым берүү маселелерин караган комиссия Масимовдун өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан.

Комиссиянын башчысы, депутат Марат Башимов чечим эми президентке жөнөтүлөрүн билдирген.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы, 59 жаштагы Масимов 2022-жылы 6-январда, өлкөдө нааразылык акциялары болгондо кармалган. Ал мурда өлкөнүн премьер-министри да болгон.

Казакстанда эки жыл мурун январда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Расмий эсепте Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок мындай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган.

XS
SM
MD
LG