150 гана адам жашаган тажиктердин Хумгарон айылында кытайлык компания алтын казгандыктан көйгөйлөр жаралган. Суу менен аба катуу булганып, жергиликтүү тургундар ден соолугуна тынчсызданышууда. Айылдык аялдар арыз жазууга аракет кылышкан, бирок аларды милицияга алып барышып, компанияны сындоого тыюу салышкан.
Тургундардын ырасташынча, аткаминерлер бул көйгөйгө көңүл бурбай, компанияга жерди алардын макулдугусуз пайдаланууга уруксат берип жатышат.
Кытайлар Тажикстандын батышындагы алтын кенин 2007-жылы иштете баштаган. Тегеректеги айылдардын жашоочулары ошондон бери аткаминерлер аймактын аба, суу жана жеринин булганышына көз жумуп келгенин, кен казган компания жерди алардын уруксатсыз пайдаланып жатканын айтышууда.
Иликтөөнү толугу менен бул жерден окуй аласыз.