Баяндамада кырдаал мамлекеттин экономиканы катуу көзөмөлгө алуусунан, валюта курсун жөнгө салуусунан, кеңири жайылган коррупция, бүдөмүк жана түйшүктүү бюрократиялык процедуралар жана коммерциялык ишмердүүлүк үчүн иштей турган мыйзамдар менен ченемдердин жоктугунан келип чыкканы белгиленет.
Мамдепартаменттин Экономикалык маселелер боюнча бюросу даярдаган сурамжылоо америкалык компанияларга дүйнөдөгү экономикалык чөйрө тууралуу маалымат берет.
Баяндаманын авторлору баса белгилегендей, Түркмөнстан чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу же стимулдаштыруу боюнча олуттуу кадамдарды жасаган эмес. Мунай жана газ тармагындагы өндүрүштү бөлүштүрүү боюнча бир нече келишимдерди кошпогондо, өлкө экономикасында АКШ же башка өлкөлөрдөн олуттуу тике инвестиция жок.
Документте Түркмөнстандын чет элдик эсептерде бар делген 45 миллиард доллары, ошондой эле Кытайга газ сатуудан түшкөн жылдык 10 миллиард доллары өлкөнүн түз чет элдик инвестицияга болгон кызыгуусун азайтары белгиленген.
Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Борбор Азия боюнча эксперти Брюс Панниер америкалыктардын түркмөн экономикасына инвестиция салуу келечегине төмөн баа беришинин себептерин түшүндүрдү.
"Албетте, америкалык компаниялардын көз карашы боюнча, Түркмөнстанда ачык-айкындуулук жок болгондуктан, түркмөн экономикасында болуп жаткан окуяларга баа берүү мүмкүн эмес. Экинчиден, түркмөн өкмөтү жарыялаган маалыматтар бир нече жылдар бою өтө күмөндүү бойдон калууда. Белгилүү болгондой, айрым эл аралык каржы уюмдары Түркмөнстандын экономикалык статистикасын колдонуудан баш тартышкан. Анткени бул сандарга ишенүүгө болбойт", - дейт Панниер.
Мамдепартамент жарыялаган баяндаманын авторлорунун айтымында, Түркмөнстанда чет элдик түз инвестицияны тартуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок өкмөт бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруунун ордуна мамлекеттик башкаруудагы жаңы долбоорлорду каржылоону артык көрөт. Бул жагдай Түркмөнстанга өзүнүн эбегейсиз запастарына карабастан, жаратылыш газынын ири өндүрүүчүлөрүнүн ондугуна кирүүгө жолтоо болууда.