Ссылки доступа

Байден үчүнчү жолу коронавирус жуктуруп алды


АКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден үчүнчү жолу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирди.

Анын айтымында, оору жеңил өтүүдө жана буга чейин президент бардык зарыл эмдөөлөрдөн өткөн.

81 жаштагы Байден шаршемби күнү Лас-Вегастагы шайлоо алдындагы иш-чарада сөз сүйлөмөк, бирок коронавируска байланыштуу ага катышкан жок.

Байдендин дарыгери Кевин О’Коннор президенттин муруну бүтүп, жөтөлүп жатканын жана вируска каршы Паксловид препаратынын биринчи дозасын алганын билдирди. Анын айтымында, күндүн биринчи жарымында Байден өзүн жакшы сезип жаткан, бирок түштөн кийин жасалган анализдин жыйынтыгы ага COVID-19 жукканын аныктаган.

Байдендин Лас-Вегаска сапарын чагылдырган журналисттер президент учактын тепкичине жай жана этияттык менен чыкканын белгилеп жатышат.

Жан-Пьердин айтымында, изоляция учурунда президент Делавэр штатындагы үйүндө болуп, "өз милдеттерин аралыктан толук аткарып турат".

Бул Жо Байденде COVID-19 аныкталган алгачкы учур эмес. Буга чейин ал 2022-жылы июлда коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.

АКШда Демократиялык партиянын алдыңкы саясатчыларынын көбү Жо Байденди президенттик жарыштан чыгууга үндөп жатышат. Алардын пикиринде, 81 жаштагы Байден президенттик шайлоодо республикачы талапкер Дональд Трампка ийгиликтүү атаандаштык көрсөтө албайт, жеңишке жеткен күндө да кийинки төрт жылда натыйжалуу иштей албайт.

27-июндагы талапкерлердин теледебатынан кийин Байденди өз талапкерлигин алууга көндүрүү аракеттери күчөдү. Байден дебаттагы ийгиликсиздигин эл аралык сапарлардан кийин чарчап калганы менен түшүндүргөн.

Азырынча президент талапкерлигин алуудан баш тартууда.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт. Формалдуу түрдө Байдендин талапкерлиги демократтардын августтагы курултайында бекитилиши керек.

XS
SM
MD
LG