Тергөөнүн версиясына ылайык, Татаев 2021-жылы Zoom колдонмосу аркылуу бозгунда жүргөн мурдагы банкир, оппозиционер Мухтар Аблязов менен сүйлөшүп, "тыюу салынганы уюмдун ишине катышкан".
Кеп Аблязовдун каттоодон өтпөгөн жана өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы жана оппозициялык "Көчө партиясы" жөнүндө болууда. "Адилеттүүлүк үчүн Клуни фонду" эл аралык укук коргоо уюмунун 2022-жылдагы баяндамасында, ошондой эле Европарламенттин жана АКШ Мамлекеттик департаментинин билдирүүлөрүндө жогоруда аталган эки уюм тең "тынч оппозициялык кыймылдар" катары көрсөтүлгөн.
Иштин материалдарына ылайык, соттук психологиялык жана филологиялык экспертиза Татаевдун Аблязов менен сүйлөшүүсүндө "экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуунун белгилери болгон" деген корутунду чыгарган.
Татаев тергөө иштери жүрүп жатканда белгиленген аймактан чыкпоо шарты менен эркиндикте жүргөн.
Акыркы жылдары түрдүү нааразылык акцияларга катышып, казак бийлигин сындап жүргөн активист буга чейин да укук коргоо органдарынын көңүл чордонунда болуп келген.
Нурлыбай Татаев 2022-жылдын башындагы Январь окуялары учурунда Чымкент шаарында кармалган. Ал ошол эле жылы февралда тергөө абагынан бошотулган.