Алматы шаардык полиция департаментинен сөгүнүү жана улутуна карап кемсинтүү фактылары боюнча тергөө иштери башталганын билдиришти. Ошондой эле "башка фигуранттардын аракеттери да" иликтенип, "укуктук баа" берилери айтылды.
КазТАГ агенттиги белгилегендей, жергиликтүү тургундун сөздөрүнө алгачкылардан болуп журналист Михаил Козачков көңүл бурган. Ал кыздын Тик-Ток баракчасындагы видеолорун жарыялаган. Анда ал орустарды кемсинтип, "отоо чөп" деп атап, аларсыз жеңил болорун айткан. Мындан тышкары ал Гитлерди мактап, Экинчи дүйнөлүк согушта СССР тарапта согушкан казактарды "кебезбаш" (ватник) деп атаган.