Мекеменин маалыматына караганда, бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Бирок кылмыш иши кайсы берене боюнча козголгону кабарланган жок.
Мындан тышкары сөгүнүү фактысы боюнча административдик иш ачылып, сотко жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
Видеонун үзүндүсүн egov.press телеграм-каналы жарыялап, прокуратура органдарын буга реакция кылууга чакырган. Анда мас абалында видео тарткан тургун сөгүнүп, казактарды "туруп заара кыла албаган" "мамбеттер" деп атаган. Бул сөздөрдү ал жанындагы адамдын "казактар Украинага даңк деп жатышат" деген сөзүнө жооп катары айткан.