Ссылки доступа

Өзбекстанда Орусия тарапта согушка катышууну пландаган тургундун эркиндиги үч жылга чектелди


Каракалпакстандын Амударыя райондук соту Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышууну пландаган жергиликтүү тургундун эркиндигин үч жылга чектөө чечимин чыгарды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы сот өкүмүнө шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, өкүм 24-июнда эле чыккан, бирок ал жөнүндө эми гана белгилүү болду.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2023-жылы декабрда 23 жаштагы өзбекстандык Орусияга иштегени барган. Москвада ал түрдүү курулуш объектилеринде иштеп, кийин түнкү клубга бармен болуп ишке орношкон. Бирок анда тапкан акчасы үй-бүлөлүк чыгымдарын жабууга жетпегендиктен, февралда Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишимге кол койгон. Ага ылайык, Украинадагы согушка катышканы үчүн ал бир жолку төлөм катары 195 миң рубль жана ай сайын 240 миң рублдан алып турмак. Айыпталуучу Орусиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын 24 жараны менен бирге Москва облусундагы "Авангард" аскердик лагеринде даярдыктан өткөн. Бирок согуштан жаракат алып келген командирлердин биринин айткан окуяларын угуп, Украинага барбай коюуну чечкен. Ал атасы ооруп жатканын айтып, суранып кеткен. Москвадагы өзбекстандык дипломаттардын кеңеши менен мекенине кайткан.

Сот өкүм чыгарууда анын кичинекей балдары бар экенин жана буга чейин соттолбогонун эске алган. Өкүмгө ылайык, ага түнкүсүн үйүнөн чыгууга жана ИИМ кызматкерлеринин уруксатысыз жашаган жерин алмаштырууга тыюу салынат.

Быйыл май айында Өзбекстандын Ахангаран шаардык соту "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын курамында согушка катышкан деп айыпталган Шавкат Юлдашев аттуу жаранга 2,5 жыл коомдук жумуштарда иштетүү жазасын чегерген.

XS
SM
MD
LG