Мекеменин маалыматына караганда, Индиянын 61 жаштагы жараны Ташкентте убактылуу жашап жүргөн. Ал жеке фирмалардын биринде сыноо мөөнөтүндө иштеп жаткан.
Маркум өлүм алдында англис жана орус тилдеринде кат жазып, мындай кадамга каржылык кыйынчылыктардан улам барганын билдирген. Катта ал эч кимге дооматы жок экенин белгилеп, сөөгүн мекенине жөнөтүүнү өтүнгөн.
12-июль күнү ал фирманын имаратындагы ваннада устаранын жардамы менен сол колун жана моюнун кескилеген. Көп өтпөй анын сөөгү ошол жерде табылган.
Бул иш боюнча прокуратура органдары тергөө иштерин баштады.