Бүгүнкү күндө Исматов Тажикстандын жана Орусиянын өкмөттөрүнө кайрылып, орус жарандыгын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү өтүнүүдө. "Орусияда менин үйүм, жубайым, иштеген ишим, мүлктөрүм бар. Мен өмүрүмдүн жарымын ошол өлкөдө өткөрдүм. Үй-бүлөмө кайтып барууну каалайм", – деди ал.
Юристтер Исматовдо жарандыгын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтууда.
"Ал Орусиянын акыйкатчысы аркылуу же БУУнун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, абалды жазуу түрүндө түшүндүрүп, орус жарандыгын калыбына келтирүүгө жардам суроого укуктуу. Ал жарандыгын калыбына келтире алса, материалдык жана моралдык чыгым үчүн акчалай компенсация өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылса болот", – деди юрист Шокиржон Хакимов.
Кадам Исматов социалдык түйүндөрдү активдүү колдонуп, тажик бийлигин, ошол эле маалда айрым учурларда оппозицияны да сындап келген. 2021-жылы Орусиянын Саратов облустук соту аны орус жарандыгынан ажыраткан. Буга Исматовдун 2005-жылы Орусиянын жарандыгын алып жатканда атайылап жалган маалыматтарды бергени себеп болгону айтылган. Исматов өзү сотто анын жарандык макамын жокко чыгаруу үчүн далилдер жетишсиз болгонун билдирүүдө.
"Кайсы маалымат жалган экенин мага айтышкан жок. Мен далилдеп бергиле дедим. Бирок мага эч кандай аргумент келтиришкен жок", – деди ал.
Исматов аны жарандыктан ажыратууга Тажикстанда тыюу салынган уюмга мүчө деген айып менен кылмыш ишинин козголушу жана ага эл аралык издөө жарыяланганы себеп болгон деп эсептейт.
2023-жылы Орусиянын бийлиги Исматовду Тажикстанга өткөрүп берген. Тажик бийлиги аны өлкөдө тыюу салынган уюмдар, анын ичинде "Группа 24" кыймылы жана "Тажикстандын улуттук альянсы" менен кызматташкан деп айыптаган. Ал декабрь айына чейин убактылуу кармоочу жайда камакта отуруп, мунапыс менен эркиндикке чыккан. Учурда анда Тажикстандын да, Орусиянын да жарандыгы жок.