Маалыматка караганда, селден райондук маанидеги Жанатас – Саудакент автожолу да зыянга учурап, бир канча убакыттан кийин андагы унаа кыймылы кайра калыбына келтирилген.
Жамбул облустук акимчилиги суу ташкыны келтирген чыгымды аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.
"Эртең менен дрондордун жардамы менен суунун деңгээли төмөндөп калганын аныктадык. Селден каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Мал жандыктар да өлгөн эмес", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар боюнча облустук департаменттин кызматкерлери сууну сордуруу иштерин улантууда. Жанатастагы эки калктуу конушка (Малоэтажка, Дегерес) электр жарыгы берилди.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн жалпысынан 300гө жакын адам, ондогон техника жана дрондор тартылган.