Маалыматка караганда, тажикстандыктар Москвага 3-июлда учуп барып, ошондон бери чек арадан өтө албай турушкан.
"Бизди чек арачылар өткөрбөй турушту. Багажыбызды да алган жокпуз. Сууну жана шоколад батондорун аппараттан кымбат сатып алууга туура келди. Жалпы 200гө жакын киши учуп келгенбиз, бирок Тажикстандын жарандарын гана өткөрбөй кармап турушту", – деди мигранттардын бири.
Алар 8-июль күнү эртең менен гана кайра Тажикстанга жөнөтүлгөн. Мигранттардын Орусияга кирүүсүнө эмнеге уруксат берилбегени боюнча маалымат жок.
Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон терактка Тажикстандын бир нече жараны айыпталгандан кийин тажик мигранттары Орусиянын бир нече аэропортунда түрдүү себептер менен токтотулуп, көпкө кармалып, көбү кайра артка кайтарылган учурлар көбөйгөн.
Буга байланыштуу май айында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган.