Ссылки доступа

Орус тилин билбеген 4 миңден ашык мигрант Орусиянын жарандыгын ала алган жок


2024-жылдын башынан бери 4 миңден ашык мигрант орус тилин билбегени үчүн Орусиянын жарандыгын ала алган жок. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-январынан тарта "Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин Орусияга көчүп келүүсүнө көмөктөшүү жөнүндөгү" мамлекеттик программага катышууну каалагандар орус тилин жетиштүү деңгээлде билерин оозеки жана жазуу түрүндө ырастоого милдеттендирилген. Андан бери орус тилин билбеген 4 миңден ашык адам Орусиянын жарандыгын ала алган жок.

Орусиянын Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, акыркы беш айдын ичинде орус тили боюнча сынактан өтпөй калган мигранттардын саны 10 эсеге көбөйдү.

Орусия ИИМинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айынан бери чет өлкөлүктөр орус тили боюнча сынак тапшыра турган жайлардын саны беш эсеге азайды. Буга андагы мыйзам бузуулар себеп болгон. Мекеме иш жүзүндө орусча билбеген дээрлик 5 миң адамга тиешелүү сертификаттар берилгенин билдирген.

Мигранттар үчүн орус тили боюнча сынак тапшыруунун эрежелери 2024-жылдын 1-майынан тарта катаалдаштырылып, сынактарды мамлекеттик мекемелер гана кабыл алып калган. Бүгүнкү күндө Орусия боюнча 12 мамлекеттик жогорку окуу жай жана Москва өкмөтүнүн бир уюму мигранттардан тил сынагын кабыл алуу укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG