Ссылки доступа

Токаев: Астана Баку менен Еревандын сүйлөшүүсү үчүн аянтча сунуштоого даяр


Астана Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн кайрадан аянтча сунуштоого даяр. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинде билдирди.

"Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык орнотуу боюнча позитивдүү тенденцияны баса белгилегим келет. Казакстан тынчтыкка карай жасалган кадамдарды кубаттайт. Биз ар дайым Баку менен Еревандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн аянтча сунуштоого даярбыз", – деди Токаев.

Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммити Тоолуу Карабактагы Шуша шаарында 6-июлда өттү. Ага Кыргызстандын президентинен тышкары Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары жана Түркия менен Венгриянын өкмөт башчылары катышты.

Азербайжан 2023-жылы сентябрда Баку менен Ереван көп жылдардан бери айгышкан кармаштар менен талашып келаткан Тоолуу Карабак аймагын өзүнө толук караткан. Бул чөлкөмдө көптөн бери жашаган 100 миңден ашуун армян там-ташын таштап, чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Советтер Союзу тарагандан кийин 1990-жылдардын башында Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгып, Армян ССРине киргенин жарыялаган. 1991-жылдын сентябрында Тоолуу Карабак Республикасы түзүлгөнү жарыяланган. Бирок аны бир дагы мамлекет, анын ичинен Армения да расмий тааныган эмес.

Мындай саясат расмий Бакуга жакпай, 1988-1994-жылдар аралыгында кан күйгөн согуш байма-бай уланып турган. Анын кесепетинен эки тараптан 30 миңдей адам набыт болгон.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы экинчи согуш 2020-жылдын күзүндө алты аптага созулган. Куралдуу кагылыштан Армения төрт миңдей, Азербайжан үч миңдей жаранынан айрылган.

Бул ирет Азербайжан 30 жылдан бери көздөп келаткан максатына жетип, Тоолуу Карабакты жана Шуша шаарын өзүнө кайтарып алган.

Азербайжан менен Еревандын ортосундагы буга чейинки сүйлөшүүлөр быйыл май айында, Касым-Жомарт Токаевдин Арменияга жасаган сапарынан эки жума өткөндөн кийин Казакстанда өткөн.

XS
SM
MD
LG