Ссылки доступа

Өзбекстанда сот «Док-1 Макс» иши боюнча чыккан өкүмдү күчүндө калтырды


3-июлда Ташкент шаардык соту «Док-1 Макс» сиробу боюнча  индиялык Marion Biotech компаниясына чыккан  биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, 7 айыпталуучунун арызы канааттандырылган жок.

Басылманын маалыматына караганда, Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин мурдагы директору Сардор Кариев үчүн төлөнгөн 2,5 миллиард сум өлчөмүндөгү кун каза болгондордун өкүлдөрү менен жабыркаган балдардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

26-февралда сот Сардор Кариевди 18 жылга, анын орун басарларын 16 жылга, Индиянын жараны, дары импорттоочу Quramax компаниясынын мурдагы директорун 20 жылга эркинен ажыраткан.

Сот айыпталуучуларды «Док-1 Макс» жана «Амбронол» дарыларынан ууланып каза болгон 68 баланын жакындарына жана жабыркаган 16 баланын үй-бүлөсүнө 75,6 миллиард сум моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары Quramax аткаминерлерге берген параны мамлекеттин пайдасына өндүрүү чечими чыккан.

Ташкент шаардык кылмыш соту 2023-жылдын августунан бери Өзбекстанда Marion Biotech компаниясынын дарысы, анын ичинде «Док-1 Макс» ширеси 68 баланын өлүмүнө алып келген кылмыш ишин карап жатат. Жалпысынан 23 кишиге айып тагылган.

XS
SM
MD
LG