Ссылки доступа

Путин ШКУ саммитине катышуу үчүн Астанага келди


Орусиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Казакстандын борборуна  келди. Бул тууралуу  Кремль кабарлады.

Орус президентин аэропорттон Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

ТАСС жана «Ведомости» маалымдагандай, сапардын биринчи күнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Шаршембиде Путиндин кеминде алты чет мамлекеттин башчылары менен жолугары күтүлүүдө. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин бар.

2023-жылы мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Украинанын аймагындагы жаш балдарды мыйзамсыз депортациялоо боюнча күнөөлүү деп табылган Владимир Путинди камакка алууга ордер берген. Ал азыр Батыш өлкөлөрүнө гана эмес, Рим статутуна кол койгон жакынкы коңшуларына, атүгүл Арменияга барса камакка алынышы мүмкүн.

4-июлда Астанада өтө турган ШКУ саммитине 16 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG