Ссылки доступа

Казакстанда бала бакчанын 34 тарбиялануучусу ууланды


Казакстандын Түркстан облусундагы жеке бала бакчанын эки жаштан беш жашка чейинки курактагы 34 тарбиялануучусу уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, Келес районунда жайгашкан бала бакчанын тарбиялануучулары эртең менен буламык жеп, түшкө жакын өздөрүн жаман сезе башташкан.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы үч бала ооруканага жаткырылып, калганы үйүндө дарыланууга жөнөтүлгөнүн билдирди. Ооруканадагы балдардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Түркстан облусунун Санитардык-эпидемиодогиялык көзөмөл департаментинен териштирүү жана текшерүү жүргүзүлүп, балдардын жапырт ууланышынын себеби иликтенип жатканын билдиришти.

Аймактын полиция департаменти "Санитардык эрежелерди жана гигиеналык нормативдерди бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады.

Уулануу катталган бала бакчада жалпысынан 130га жакын бала тарбияланат.

XS
SM
MD
LG