Ссылки доступа

Кокондо дени сак тургун психиатриалдык ооруканага жаткырылган


Өзбекстандын Кокон шаарында жергиликтүү тургун өзүнүн макулдугусуз эле текшерүү үчүн психиатриалдык ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу өлкө акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Психиатриалдык жардам жөнүндөгү мыйзамга ылайык, адам өзүнүн жеке макулдугу менен гана психиатриалдык экспертизадан өткөрүлүшү керек. Бирок шаардагы №2 психиатриалдык оорукананын нөөмөттөгү дарыгери укук коргоо органдары алып барган жергиликтүү тургунду анын макулдугусуз эле кабыл алып, экспертизадан өткөргөн.

Бул маселе боюнча акыйкатчыга кайрылган тургун ооруканада үч күн текшерилгенден кийин саламаттыгы жакшы деген корутунду чыгып, ал үйүнө кое берилгенин билдирди.

Gazeta.uz басылмасы кабарлагандай, нөөмөттөгү дарыгерге өз милдеттерине шалаакы мамиле кылганы үчүн сөгүш берилди. Мындан тышкары акыйкатчынын өкүлдөрү ооруканада жыйын өткөрүп, кызматкерлерге бул сыяктуу мыйзам бузууларга жол берилбеши керектигин эскертишти.

XS
SM
MD
LG