Төмөнкү палатанын басма сөз кызматы билдиргендей, бул мыйзам долбоору Өзбекстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо зарылчылыгынан келип чыккан.
Документ чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Өзбекстанга кирүүсүн чектөө тартибин аныктайт.
Мыйзам долбооруна ылайык, Өзбекстандын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы келген, мамлекеттер аралык, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан, ачык чакырык жасаган, Өзбекстан элинин ар-намысын, кадыр-баркын жана тарыхын каралаган чет өлкөлүк же жарандыгы жок адамдар Өзбекстанга кире алышпайт.
Мурдараак мыйзам долбоору “Казакстан, Азербайжан, Орусия, Польша, Беларус жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбасынын негизинде” даярдалганы айтылган.
Мындан соң социалдык тармактардын өзбек сегментинде талкуулар жүрүп, колдонуучулар бул документте Орусиянын “чет элдик агенттер” жөнүндөгү талаштуу мыйзамына окшош беренелер болушу мүмкүн деп кооптонушкан.
Мыйзам долбоору эми Сенатка, андан соң өлкө президентине кол коюуга жөнөтүлөт.