Ссылки доступа

"Крокустагы" терактта жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Өзбекстанда эс алат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Быйыл мартта болгон "Крокус Сити Холлдогу" терактта жарбыркаган үй-бүлөлөрдөн 100 бала Ташкент облусунун Бостанлык районундагы "Анор" ден соолукту чыңдоочу балдар лагеринде эки жума эс алат. Бул тууралуу "Газета.uz" сайты Өзбекстандын Кесиптик кошуун федерациясынын басма сөз кызматына таянып билдирди.

Лагердеги жайкы сезондун ачылуу аземине премьер-министрдин орун басары Зулайхо Махкамова, орто билим берүү министри Хилола Умарова жана Кесиптик кошуун федерациясынын төрага орун басары Бахтиёр Махмадалиев катышты.

Лагерде балдар спорттун белгилүү чеберлеринин мастер-класстарына жана спорттук мелдештерге катышып, сүрөт тартуу, бий, театралдык чеберчилик, музыка, компьютер үйрөнүү сыяктуу ийримдерге, китепканаларга барса болот.

Ошондой эле эс алуунун алкагында спорттун суудагы түрлөрү боюнча фестивал, түрдүү сынактар, комедиялуу эстафеталар уюштурулуп, балдарга тасмалар көрсөтүлөт.

Мындан тышкары балдар үчүн Самарканддагы тарыхый жайларга экскурсия уюштурулары кабарланды.

XS
SM
MD
LG