Ссылки доступа

Активист Айдос Садыковго кол салууга эки казакстандык шектелүүдө


Украинанын Улуттук полициясы казакстандык оппозициячыл активист жана журналист Айдос Садыковго кол салгандарды аныктады. Бул тууралуу анын жубайы Наталья Садыкова билдирди.

20-июнда Украинанын Башкы прокуратурасы өз сайтында эки адамга – Казакстандын 1988-жылы туулган Алтай Жаканбаев жана 1991-жылы туулган Каратаев Мейрам аттуу жарандарына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Тергөөнүн версиясына ылайык, алар Казакстандын жараны Айдос Садыковду атайылап өлтүрүү боюнча белгисиз адамдан буйрук алышкан.

2-июнь күнү алар Киевге барып, Садыковду андуу үчүн Opel Vectra үлгүсүндөгү унааны сатып алып, анын барган-келген жерлерин аныкташкан.

12-июнь күнү алар Booking онлайн-сервиси аркылуу брондолгон, "жабырлануучунун жашаган жерине жакын жайгашкан" батирге жайгашышкан.

"18-июнь күнү саат 12:14тө Ярмола көчөсүндөгү №38 үйгө баруучу жолдо М.Каратаев "айдоочу тараптан унаага тез жакындап келип, Садыковду башка атып, мээсине жаракат келтирген. Садыковду атайылап өлтүрмөк болгондон кийин Каратаев жана Жаканбаев из жашырып, андан соң кылмыштын изин жашыруу максатында ок атуучу куралды Киевдеги зоопарктын тосмосунан нары ыргытып жиберишкен", - деп айтылат документте.

Коопсуздук органдары Каратаев менен Жаканбаевдин кармалган-кармалбаганын кабарлай элек.

Алтай Жаканбаев ким экени азырынча белгисиз. Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, Костанай облустук ички иштер департаментинде "Мейрам Каратаев" аттуу адам иштеген.

"Ал кызматкерлер арасында бутага атуу боюнча мелдеште биринчи орунду ээлеп келген", — деп жазды Наталья Садыкова "Фейсбуктагы" баракчасына.

21-июнда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кылмышка шектүүлөрдүн бири 2019-жылдын январь айында ички иштер органынан бошотулганын билдирди.

Садыков жубайы менен Украинага 2014-жылы көчүп барып, ошол жактан качкын макамын алышкан. Мекенинде аларга "кастык козутту" деп былтыр издөө жарыяланган.

Айдос Садыков БАСЕ интернет-медиасы аркылуу казак бийлигин сындап, Токаевди "Орусиянын пайдасына иштеп жатат" деп айыптаган. Ал 2022-жылдын январындагы Казакстандагы адам өлүмү менен коштолгон нааразылык акцияларын активдүү колдогон, чагылдырган.

Жубайлардын Украинага көчүп кетишине 2014-жылы "жалаа жабуу" деген негизде Наталья Садыковага иш козголгону себеп болгон. Ага каршы мурдагы депутат Марал Итегулов арызданган.

Ал эми Айдос Садыковго 2010-жылы "ээнбаштык" деген берене менен айып тагылып, эки жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG